Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 02:21
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Ошто Улуу Ата Мекендик согуштун 99 жаштагы ардагери каза болду

07.08.2022 18:09
534
Ошто Улуу Ата Мекендик согуштун 99 жаштагы ардагери каза болду


Ош шаарында Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Анна Куприяновна Тягунованы акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын маалымат кызматы билдирет.


Маалыматка таянсак, маркум менен коштошуу зыйнатына Ош шаарынын мэриясынын, Ош шаардык аскер комиссариатынын, Ош шаардык ардагерлер союзунун, Ош аскер гарнизонунун өкүлдөрү, ардагердин туугандары жана жакындары катышты.


А.К.Тягунованын сөөгү Ош шаардык көрүстөнүнө ардактуу түрдө коюлду. Ардагерди эскерүү менен үч жолу ок атылды.


Тягунова Анна Куприяновна 1923-жылы 10-июлда туулган. 1942-жылы Темрюк шаардык аскер комиссариаты тарабынан аскер кызматына чакырылган. 1942-1946-жылдары Украина фронтунун 232- госпиталында аскер медайымы болуп кызмат өтөп, андан кийин үй кожойкеси болгон. Маркум II даражадагы Улуу Ата Мекендик согуш ордени, юбилейлик медалдар менен сыйланган.


Учурда Ош шаарында Улуу Ата Мекендик согуштун 3 ардагери калды.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн