Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 06:49
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Ошто Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери 94 жашында каза болду

31.01.2022 16:46
1538
Ошто Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери 94 жашында каза болду

 


Ош шаарында Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Александр Гусаков 94 жашында каза болду. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.


Бүгүн маркум менен коштошуу зыйнаты өтүп, ага Ош шаарынын мэриясынын, шаардык социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын, шаардык ардагерлер биримдигинин, Ош аскер гарнизонунун, Россиянын Ош шаарындагы Башкы консулдугунун өкүлдөрү, маркумдун туугандары жана жакындары катышты. Гусаковдун сөөгү Ош шаардык көрүстөнүнө коюлуп, үч жолу ок атылды. 


Александр Гусаков Кызыл Армиянын катарына Казакстандагы өзү туулуп-өскөн Усть-Каменогорск шаарынан чакырылган. 1944-1945-жылдары Украина фронтунун 25-гвардиялык бригадасында кызмат өтөгөн. Жеңишти Германиянын Дрезден шаарында тосуп алган. Согуштан кийинки жылдарда Урал аскер округунда жогорку офицердик курстарды окуп, андан кийин Воркутадагы шахтада иштеген. 1968-жылы Ош шаарына келип, пенсияга чыкканга чейин Алмалык шахтасында иштеген. 


Ардагер көптөгөн ордендер жана медалдар менен, анын ичинде “Германияны жеңгендиги үчүн”, “Украинаны боштондукка чыгарганы үчун”, “Жуков медалы” жана башка юбилейлик медалдар менен сыйланган. 


Ош шаарынын мэриясы ардагердин жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат. Александр Васильевичтин элеси түбөлүккө унутулбайт. 


Эскерте кетсек, учурда Ош шаарында Улуу Ата Мекендик согуштун 4 ардагери калды.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн