ЖЭБдин жылуулук трассасын реконструкциялоого байланыштуу 23-август, саат 21:00дөн 23-сентябрга чейин Курманжан-Датка көчөсү менен Р.Абдыкадыров көчөсүнүн кесилишинен баштап Курманжан-Датка көчөсү менен М.Аматов көчөсүнүн кесилишине чейин автоунаалардын кыймыл жолу жабык болот. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы маалымдады.
Автоунаалардын кыймылы жолдун төмөнкү тилкелеринде уюштурулат:
- Ленин көчөсүндө (Р.Абдыкадыров менен М.Аматов көчөлөрүнүн ортосундагы тилкеде) унаа кыймылы эки тараптуу болот;
- Баялинов көчөсүндө (Курманжан-Датка жана Ленин көчөлөрүнүн ортосундагы тилкеде) транспорт түштүк-батыштан түндүк-чыгышты карай эки тараптуу болот;
- М.Аматов көчөсү менен (Курманжан-Датка жана Ленин көчөлөрүнүн ортосундагы тилкеде) унаа кыймылы эки тараптуу болот;
- М.Аматов көчөсү Алиев көчөсү менен кесилишинен жабылат;
- Баялинов көчөсү менен Ленин көчөсүнө чыкканда солго бурулууга тыюу салынат.
Ош шаарынын тургундарына жана конокторуна бул убакыт аралыгында чектөөлөрдү эске алуу менен каттамдарды алдын-ала пландоо сунушталат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн