Бугу 17, 2024
Убакыт: 16:18
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Ошто Жиддадан келген биринчи каттамды суу аркасы менен тосуп алышты

21.08.2023 15:46
212
Ошто Жиддадан келген биринчи каттамды суу аркасы менен тосуп алышты


"Ош" эл аралык аэропортунда Жиддадан (Мекке) биринчи каттамды тосуп алышты. Бул тууралуу "Манас" аэропортунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, биринчи каттам менен Оштон 157 жүргүнчү учуп кетти.

Сауд Арабиянын "Flynas" авиакомпаниясы Жидда - Ош - Жидда багыты боюнча жумасына 3 жолу – дүйшөмбү, шаршемби жана жума күндөрү Airbus A-321 NEO учагы менен үзгүлтүксүз каттамдарды аткармакчы.

"Flynas" авиакаттамдарына билеттерди авиакомпаниянын расмий сайтынан, ошондой эле өкүлчүлүктөрүнөн сатып алсаңыздар болот.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн