Ош шаарында 25-майдан тартып фитнес-клубдар, тренажердук залдар жана ачык футбол ойноочу аянтчалардын иштөөсүнө уруксат берилет. Бул тууралуу аталган шаардын мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, фитнес-клубдар, тренажердук залдар жана ачык футбол ойноочу аянтчаларда санитардык-гигиеналык эрежелер милдеттүү түрдө сакталышы шарт.
Ал эми адамдар көп келген залдарга (бокс, күрөш, футбол, баскетбол ойноочу жабык залдар ж.б) азырынча уруксат берилген эмес.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн