Бугу 06, 2024
Убакыт: 12:06
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Ошто адамдарды коркутуп телефонун тоногон жаран кармалды

26.03.2022 10:34
523
Ошто адамдарды коркутуп телефонун тоногон жаран кармалды

Ошто адам тоноп, Чаткалга качкан жаран кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.


Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бөлүмүнүн оперативдүү кызматкерлери тарабынан 25-март күнү Жалал-Абад облусунун Чаткал районунан Ош шаарындагы адам тоноого шектүү катары 1981-жылу туулган К.А. кармалып келинди. Ал мурда соттолгон, эч жерде иштебейт. Үй бүлөсү жок, ажырашкан. Чоӊ-Алай районунун тургуну.


Шектүү 2022-жылдын 23-март күнү Ош шаарынын А.Навои көчөсүндө жайгашкан чоӊ көпүрөнүн алдында 1975-жылы туулган, өзүнө бейтааныш жабырлануучуну коркутуп, ага таандык болгон паспорттун, айдоочулук күбөлүгүн жана басы 8000 сомдук «Редми» үлгүсүндөгү телефонун тартып алган. Андан соӊ Чаткал районундагы жакын тууганынын үйүнө качып кеткен. Учурда ал Оштогу борбордук базардын аймактарындагы ушул сыяктуу бир кылмыштарга шектелип жатат.


Учурда шектүү адам тоноо фактысы менен Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө уланууда.

Сүрөттө: Шектүү К.А.




Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн