Бугу 14, 2024
Убакыт: 14:27
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Ошто адамды уурдап, андан акча талап кылган "Кытай" каймана аттуу уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Ошто адамды уурдап, андан акча талап кылган "Кытай" каймана аттуу уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

«Кытай» каймана аты менен белгилүү уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү кармалды.  Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. 


     Ош шаарынын аймагында өтүп жаткан «Каракчы-тоноочу» аттуу атайын алдын алуу жана ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө, 8-декабрь Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери атайын операциялар отрядынын жардамы менен 3 жаранды кармашты. Кармалган жарандар акча өндүрүү максатында адам уурдап, жабырлануучуга моралдык-психологиялык басым жасап, денесине залал келтиришкен.

    Кармалган жарандар Кара-Суу районунун тургундары болушат: Оштогу жогорку окуу жайлардын биринде окуган 2002-жылы туулган М.С., убактылуу иштебеген 1998-жылы туулган К.уулу Ө. жана 1984-жылы туулган К.У.. Жаран К.У. мурда бир нече жолу оор жана өзгөчө оор кылмыштары үчүн соттолуп чыккан. Ал уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат. Акча өндүрүү үчүн адам уурдоону уюштурган. Кылмыш чөйрөсүндө «Кытай» деген каймана ат менен белгилүү. Эч жерде иштебейт.

 

 Аталган жарандар, 2022-жылдын 23-ноябрь күнү Ош шаарынын аймагынан 1988-жылы туулган жергиликтүү тургунду ага таандык болгон «Тойота-Камри» үлгүсүндөгү унаасында коркутуп, жанындагы 10 миӊ сом акчасын, уюлдук телефонун тартып алышкан. Бирок, ал акчага алымсынбастан ири суммадагы акча талап кылышкан. Жабырлануучунун акча берүүдөн баш тартып, каршылык көрсөткөндүгүнөн үч шектүү аны күч менен машинасынын арткы отургучуна отургузушуп, Ош облусунун Кара-Суу районунун аймагындагы бир үйгө алып барышып, бир бөлмөгө камашып, кайрадан бычак такашып, акча талап кылышкан. Акча талап кылуу түрдүү коркутуулар, ур-токмокко алуу менен коштолгон.


   Жабырлануучунун денесиндеги жараттардын оордугун аныктоо максатында атайын соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталды. Учурда Ош ШИИБнын ыкчам кызматкерлери тарабынан бул кылмыштуу топтун ушул сыяктуу башка кылмыштарга тиешеси бардыгы, же жоктугу текшерилип жатат.


            Шектүүлөр кечээ күнү, 8-декабрда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. 

         

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн