Аяк оона 30, 2024
Убакыт: 00:18
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Ошто акча керек болуп атасынан калган куралды сатууга аракет кылган аял аныкталды

06.05.2022 12:31
564
Ошто акча керек болуп атасынан калган куралды сатууга аракет кылган аял аныкталды


Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын экстремизмге, мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы тарабынан ок атуучу куралды сатууга аракет жасап жаткан аял кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

 

2022-жылдын 5-май күнү Башкармалыктын ЭММКАКты(кстремизмге, мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы) тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында, Ош шаарынын аймагында «Н» аттуу атуул белгисиз үлгүдөгү ок атуучу куралды сатуу максатында мыйзамсыз сактап жүргөндүгү белгилүү болгон.


Натыйжада ал адамдын өздүгү аныкталган. Ал иш чаралардын негизинде Ош шаарынын 1963 –жылы туулган тургуну С-ва Н. экендиги жана белгисиз үлгүдөгү ок атуучу куралды сатуу максатында кардар издеп жүргөндүгү белгилүү болгон. Ыкчам кызматкерлер тарабынан ал жогоруда айтылган белгисиз үлгүдөгү ок атуучу куралды Ош шаарынын аймагында, өзү соода жасаган дүкөндө бекитип жүргөндүгү такталган.

Жогорудагы факты Кыргыз Республикасынын кылмыш кодексинин 267-беренесинин 1-бөлүгүнүн белгилери менен Ош ШИИБине катталып, кылмыш иши козголгон.


Жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чаралардын натыйжасында, Ош шаарынын 1963-жылы туулган жашоочусу 1963-ж.т. С-ва Н. ок атуучу 5.6 мм калибрдеги “ТОЗ-16” үлгүсүндөгү сайлуу мылтыкты 90 миӊге баалап, сатып өткөрүп жаткан учурда кармалды. Кармалган аял ок атуучу курал маркум атасынан калгандыгын жана акча зарыл болгондуктан сатуу ниети пайда болгондугун билдирди.


Алынган ок атуучу куралга соттук-баллистикалык экспертизалар дайындалып, кылмыштын окуясынын жагдайларын толук, обьективдүү жана ар тараптуу изилдөөгө жана курал ээси С-ва Н.дин бул кылмышка болгон катышын текшерүүгө багытталган ыкчам-тергөө аракеттери жүргүзүлүп жатат.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн