Бугу 11, 2024
Убакыт: 01:47
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Ошто аккумулятор уурдаган жарандар кармалды

20.05.2023 11:53
658
Ошто аккумулятор уурдаган жарандар кармалды

Кара-Сууда уурдоо фактысына шектелген жарандар кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.


2023-жылдын 9-май күнү Кара-Суу РИИБге М.Ф., аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда ушул жылдын 8-майынан 9-майына караган түнү арыздануучуга таандык “Вольво” үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаасынын 2 даана аккумуляторлорун белгисиз жарандар уурдап кетишкендигин билдирген.


Мындан сырткары Кара-Суу районунун 6 жараны да жүк ташуучу унааларынын аккумуляторлорун белгисиз жарандар тарабынан уурдалгандыгы боюнча арыз жазышкан. 

Натыйжада арыз ээлерине жалпысынан 211 000 (эки жүз он бир миң) сом өлчөмүндө материалдык чыгым келтирилген. 


Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш Жаза Кодексинин 205-беренесинин (уурдоо) негизинде кылмыш иши козголгон.


Кара-Суу РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнн ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө 2023-жылдын 12-май күнү М.А., жана О.А., аттуу жарандар кылмышка шектүү катары райондун аймагында кармалышкан.


Уурдоо фактысына тиешелүү далил буюм катары 13 даана жүк ташуучу унааларга таандык аккумуляторлор алынган.

Учурда жалпы 7 факт уурулук кылмышы менен тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн