Бугу 03, 2024
Убакыт: 17:04
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Ошто алдамчылыкка шектелип издөөдө жүргөн жаран кармалды

19.01.2024 15:45
469
Ошто алдамчылыкка шектелип издөөдө жүргөн жаран кармалды


Милиция кызматкерлери Ош шаарында, буга чейин Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) боюнча издөөгө жарыяланган Т.Т. аттуу жаран, коомдук жайларда орнотулган жүзүн таануу функциясы бар сырткы видеобайкоо камераларынын жардамы менен кармады. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, видеобайкоо камералары аны издөөдө жүргөн адам катары тастыктаган, ал кылмышка шектүү болуп, бирок качып жүргөн.


Белгилей кетсек, ага карата Ош шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан алдамчылык фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, бөгөт коюу чарасы камакка алуу түрү тандалган.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн