Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 00:19
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Ошто алдамчылыкка шектелип жүргөн жаран Бишкекте жашынып жүргөн

20.05.2022 15:46
555
Ошто алдамчылыкка шектелип жүргөн жаран Бишкекте жашынып жүргөн

Алдамчылыкка шектелип издөөдө жүргөн 31 жаштагы жаран аныкталды. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан кабарлашкандай, шектүү Бишкек шаарында жашынып жүргөн.


Белгилүү болгондой, Ош шаарында 19-20-май күндөрү "Ууру" аталышындагы иш-чара өткөрүлдү. Анын алкагында мурда жасалган 27 кылмыштын бети ачылды.


Ошондой эле алдамчылык үчүн издөөдө жүргөн Жалал-Абад облусунун 31 жаштагы П.А. аттуу тургуну Бишкек шаарынан кармалды. Ал жарандарга ижарага батир берүүнү убадалап, алдын ала акчасын алып изин жашырып жүргөн.

Анын кылтагына Ош шаарындагы окуу жайлардын биринде окуган студент илинген. Ал ижарага батир берем деген 31 жаштагы кишиге алдын ала 6800 сом акча берген. Шектүү ал кызга 4 күндөн кийин келип жашай берсе боло турганын айткан. 4 күн аралыгында ал дагы бир нече жарандарды ушундай жол менен алдап үлгүргөн. Бүгүнкү күндө шектүүнүн үстүнөн 7 арыз келип түшкөн.


Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бөлүмүнүн кылмыш иликтөө бөлүмү сүрөттөгү жарандан жабыр тарткандар болсо 102 же 0777-59-59-59 номерлери аркылуу кабарлап коюуну суранат.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн