Аяк оона 22, 2024
Убакыт: 19:25
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Ошто апасына дары алуу үчүн кайыр сурап жүргөн балага милиционерлер жардам берди (сүрөт)

24.07.2020 18:02
1858
Ошто апасына дары алуу үчүн кайыр сурап жүргөн балага милиционерлер жардам берди (сүрөт)


Ош шаарында 22-июлда тилемчилик кылып жүргөн 12 жаштагы балага Ак-Буура милиция бөлүмүнүн кызматкерлери жардам көрсөттү. Бул тууралуу Ош ШИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, 22-июль күнү Ош шаарынын аймагында тилемчилик жасап жүргөн 12 жашар Адилетти (аты өзгөртүлдү) кармашкан. Анда Адилет оорукчан апасы үчүн дарыга акча топтоп жаткандыгын айткан. Кызматкерлер баланын убактылуу жашаган үй дарегин билишип, аны жашаган аймагы боюнча Кара-Суу райондук ички иштер башкармалыгына өткөрүп беришкен.


“Баланын зиректиги, апасынын ден соолугу үчүн көргөн камкордугу чын дилинен экендигин бала менен милиция кызматкерлери баарлашкан учурда байкалган. Ошондуктан, жергиликтүү милиция кызматкерлерине өткөрүп берип гана жөн койбостон 23-июлда аталган дарек боюнча Ак-Буура милиция бөлүмүнүн өспүрүм балдар менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери Кара-Суу шаарына барышып, кичинекей камкор баланын үй шарты менен таанышып келишти. Баланын апасы чындыгында оорукчан, иштегенге дарманы жок. Жашаган үйү аябай эски, шарты жок. Өз үйү жок. Убактылуу батирде турушат. Апасынын ден соолугуна байланыштуу врачтар жалпы суммасы 7 миң сомдук дары жазып берген. Адилет ошол акчаны топтоо үчүн тилемчилик жасап жүргөндүгү чын болуп чыкты.


Бул үй –бүлөнүн оор шарты өзгөчө милиционер кыздардын көзүн жашылдантып, ал жерден келээри менен инспекторлор бул үй-бүлөгө жардам берүүнү чечишти. Кечинде аталган үй-бүлөгө кайра чогуу барышып, кичинекей Адилетке жана анын 5 жашар инисине таттууларды, ал эми апасына ошол рецепте жазылган 7 миң сомдук дары-дармекти жана азык-түлүк үчүн 5 миң сом акчалай жардам көрсөтүп келишти. Кичинекей жамааттын бул жасаганы башкаларга үлгү”, - деп айтылат маалыматта.

 

Ал эми үй-бүлө жөнөкөй кийим кечектен тартып, азык-түлүккө дагы муктаждыгы көрүнүп турган айтылат. Жардам көрсөтүүнү каалагандар милициянын лейтенанты Айчүрөк Артыковага 0999-69-99-69 номери аркылуу кайрылып, бул үй-бүлө тууралуу маалымат алсаңыздар болот.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн