Бугу 06, 2024
Убакыт: 08:41
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Ошто асфальтталган жолдорду мэр текшерип чыкты

04.11.2021 17:51
838
Ошто асфальтталган жолдорду мэр текшерип чыкты


Ош шаарынын мэри асфальтталып бүткөн Алиев көчөсүндө иштин сапаты менен таанышты. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.


Ош шаарын мэри Алмаз Мамбетов жаңыдан гана асфальттоо иштери аягына чыгарылган Э. Алиев атындагы көчөдө жүргүзүлгөн иштердин сапаты менен таанышып чыкты. Мэр тиешелүү жетекчилерге кетирилген айрым кемчиликтерди оңдоого тапшырма берди. Алар: айрым жерлерде бардюрлардын жоктугу, тратуарды курууда кетирилген кемчиликтер, жол ортосунан өткөн коммуникациялык кудуктардын оозун жабууда бирдей деңгээл сакталбай унаа өткөнгө тоскоол болгон учурлар, айрым жерлерде жаңы асфальттын чети жабылбай суу кире тургандай абалда калганы. 


Эске сала кетсек шаардын так ортосундагы Эргеш Алиев атындагы көчөдө А. Сүйүнбаев көчөсүнөн М. Джиннах көчөсүнө чейин 1075 метр жерге жаңыдан асфальт төшөлүп, реконструкцияланды. Жол жээгине 1 километр жерге 2 тараптуу жаңы арык курулуп, 2 километр жерге 2 жагындагы тратуар асфальтталды. Жол белгилери сызылды. 


Жол оңдоодон мурда жер алдындагы коммуникациялык куурлар жаңыланган. Коммуникациялык кудуктар корректировкаланган. 


Бул көчөдө "Олимп" гимназия мектеби, "Жибек" балдар бакчасы жана жеке турак үйлөр бар.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн