Ош шаарындагы "02626" аскер бөлүгүндөгү жоокерлерден коронавирус илдети аныкталды. Бул тууралуу Генералдык штабдын басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, коронавирус чыккан аскер бөлүгү карантинге жабылган эмес. Бүгүнкү күндө мекемедеги бир нече жоокерден коронавирус аныкталган. Жоокерлер коронавирус инфекциясын шаардагы өткөрүү пунктунда турган учурда жуктуруп алышкан.
Ал эми байланышта болгон баардык адамдар аныкталып изоляцияга алынганы айтылат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн