Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 12:45
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Ошто ата-энеси ичкиликке берилип кеткен 3 айлык ымыркай балдар үйүнө өткөрүлдү

21.07.2020 18:35
778
Ошто ата-энеси ичкиликке берилип кеткен 3 айлык ымыркай балдар үйүнө өткөрүлдү

 

Ошто жашы жетелек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери 3 айлык кызды балдар үйүнө өткөрүп беришти. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, Ош ШИИБнын жашы жетелек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы тарабынан ымыркайын тийиштүү деңгээлде камсыздабаган үй-бүлө аныкталып, социалдык жактан коргоо кызматынын кызматкерлери менен биргеликте 20-июлда ымыркайдын үй шарты менен таанышуу жүргүзүлгөн.


“Жашоо шарттарынын оордугун жана ата-энесинин алкоголдук ичимдикке берилип кеткендигин эске алуу менен бул үй-бүлөнүн 3 айлык кызын мамлекеттик кароого муктаж экендиги тууралуу чечим кабыл алышкан. Бүгүн 21-июлда милиция кызматкерлери жана социалдык коргоо кызматынын кызматкерлери менен биргеликте барышып, жаш наристе кызды балдар үйүнө өткөрүп беришти”, - деп жазылат маалыматта.

 

Билдирүүгө караганда, баланын атасы 31 жашта жана туруктуу иштеген жери жок. Баланын апасы 27 жашта. Жалпы үч баланын апасы. Буга чейин 9 жана 4 жаштагы балдарын дагы мамлекет өз камкордугуна алган. Бүгүн болсо үчүнчү баласын, 3 айлык кызын мамлекет өз камкордугуна алган. Жашаган үйү аракеч адамдардын уюгуна айланганы айтылат.


Видеодо 3 айлык кыздын ата-энеси жашаган үй. Колясканын жанында бул үй-бүлөнүн коңшусу

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн