Чын курандын 18, 2024
Убакыт: 17:23
USD
89.10
89.87
EUR
94.70
95.70
RUB
0.935
0.960

Ошто ата-энесиз жана аз камсыз болгон 200 балага кышкы кийимдер алынып берилди

27.12.2021 10:31
798
Ошто ата-энесиз жана аз камсыз болгон 200 балага кышкы кийимдер алынып берилди


Жаңы жыл алдында ата-энесиз балдарга, аз камсыз болгон, көп балалуу үй-бүлөлөрдүн балдарына Амир-Тимур муниципалдык аймактык башкармалыгы тарабынан кышкы жылуу кийимдер берилди. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.


Башкармалыктын башчысы Мухамадин Канатов бул аракет мэр Алмаз Мамбетовдун демилгесине ылайык ишке ашырылып жатканын белгиледи. 


Аймактык башкармалык жеке ишкерлерди, кайдыгер эмес жарандарды демөөрчүлүк кылууга чакырган. Натыйжада өткөн аптада 200 бала жылуу кийимдер менен камсыз болушту.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн