Бугу 10, 2024
Убакыт: 04:29
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Ошто автоматты мыйзамсыз сактаган жаран кармалды

20.09.2021 15:34
1046
Ошто автоматты мыйзамсыз сактаган жаран кармалды

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз сакталган «АКСУ» үлгүсүндөгү автоматтык курал алынды. Бул тууралуу Ош шаардык милициясынын басма сөз кызматы билдирди.


 

 Ош шаардык ички иштер башкармалыгына ушул айдын башында «Жора» аттуу жарандын «Калашников» үлгүсүндөгү автоматы сатып өткөрүү үчүн кардар издеп жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Алган ыкчам маалыматтарга ылайык, автомат « Жора» тарабынан 20 миӊ сомго бааланган. Натыйжада, Ош ШИИБнын криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тез арада ал адамды таап, ок атуучу куралды башка кылмыштуу элементтерге жеткирбестен алууну көздөшүп, ал жаранга өздөрүн сатып алуучу адам катары тааныштырышып, байланышка чыгышат. Курал саткан адам бир нече күн жооп бербей, сактанып, «кардарларды» текшерип жатып, акыры макулдугун берген. 


      Натыйжада, 2021-жылдын 18-сентябрь күнү, автоматтын 2 магазини, 21 огу менен «АКСУ-74У» үлгүсүндөгү автоматтык ок атуучу куралды сатып жаткан учурда милиция кызматкерлери тарабынан Ош шаарынын 1956-жылы туулган тургуну Ж.Ж кармалды. Ал Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү боюнча (КР жазык кодексинин 253-беренеси) сотко чейинки өндүрүш иши ачылды. 


   Атайын экспертизанын жүрүшүндө алынган курал ок атууга жарактуу экендиги аныкталды. Учурда курал жарак кайдан алынгандыгы,мыйзамдуу кимге таандык экендиги аныкталып жатат. 


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн