Бугу 19, 2024
Убакыт: 03:30
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Ошто аял депутаттар жапырт мандатынан баш тартууда. Себеби эмнеде?

26.08.2021 11:56
821
Ошто аял депутаттар жапырт мандатынан баш тартууда. Себеби эмнеде?



Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Ошто саясий партиялардын шаардык кеңешке талапкер катары көрсөткөн тизмесинен аялдар жапырт чыгып кетип жатканы боюнча маселени териштирүүдө. Бул тууралуу мекеме 25-августта билдирип, мындай арыздар эки партиядан түшкөнүн маалымдады.


Боршайкомдун маалыматына караганда, «Биздин Кыргызстан» партиясы 38 аял талапкерин, «Ата-Журт Кыргызстан» партиясы 39 талапкерин чыгарды, алардын 31 аял.


Мындан тышкары аталган эки партиядан депутат болуп шайланган алты адам ыйгарым укуктарынан баш тартты, алардын бешөө аял. Баары тең мандатын депутаттыкка талапкерлер тизмесиндеги кийинки адамдарга өткөрүп берерин билдиришкен.


БШК депутаттыктан баш тартуу же тизмеден чыгуу тууралуу чечимдер Боршайком бекиткенден кийин гана анык деп эсептелерин, азырынча Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын гана чечимдери бар экенин эскертип, бул маселе кылдат териштирилерин белгиледи.


Булак: "Азаттык" үналгысы

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн