Ош шаарында аялдамаларды оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу шаар мэриясынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, жасалып жаткан иш аракеттер шаар башчысынын тапшырмасынын негизинде уланып, бир ай ичинде 100дөн ашуун аялдамаларда реконструкция жүргүзүлүүсү пландалган. Анын алкагында аялдамалардагы жарыктандыруу системасы жаңыланып, жарнак жармаштырылып жарактан чыккан стенддердин айнектери алмаштырылат.
Ошондой эле коомдук транспорттор токтоочу жайлардын айланасы ирээтке келтирилип, отургучтар, жарнама илинүүчү жайлар жаңы сырдалат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн