Бугу 14, 2024
Убакыт: 16:14
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Ошто аялды чачынан сүйрөп, муунткан жаран Бишкекте жашынып жүргөн жеринен кармалды

11.02.2022 13:35
396
Ошто аялды чачынан сүйрөп, муунткан жаран Бишкекте жашынып жүргөн жеринен кармалды

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы аялга кол көтөргөн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалганын билдирди. 


Маалыматка ылайык, милицияга Ош шаарынын тургуну 38 жаштагы тургун кайрылып, А. Масалиев атындагы көчөсүндө белгисиз жаран агресивдүү маанайда адегенде сөгүп, андан соӊ чачынан сүйрөп уруп, денесине залал келтиргенигин көрсөткөн. Анын мындай кылмыштуу аракети туура эмес экендигин эскерткенине тиги кол салган адам дагы агрессиясын күчөтүп, муунтууга аракет жасаганын билдирген.


“2022-жылдын 8-февраль күнү Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмчөсүнүн жана ИИМдин атайын багыттагы полкунун кызматкерлери тарабынан бул кылмышка тиешелүү адамды Бишкек шаарында, Жал кичи районунда бекинип жүргөн жеринен кармашкан. Ал Өзгөн районунун 1982-жылы туулган тургуну, мурда 7 жолу сот жообуна тартылган, туруктуу иштеген жери жок Д.А. аттуу жаран болуп чыкты. Ал кылмыш чөйрөсүнө жакын, ИИМдин атайын тизмесинде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары тизмеде экендиги аныкталды”, -деп билдирди ИИМден.


ИИМден кошумчалагандай, шектүү катары кармалган жаран мурда бейбаштык, тоноо, наркотикалык заттарды колдонуу, опузалап акча талап кылуу жана башка бироонун мүлкүн атайылап жок кылгандыгы үчүн соттолгон. Учурда ал Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тиешелүү тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн