Чын курандын 08, 2025
Убакыт: 05:43
USD
86.80
87.30
EUR
95.10
96.10
RUB
0.990
1.040

Ошто аялдын сөөгү көчөдө 3 айдай жаткан

Ошто аялдын сөөгү көчөдө 3 айдай жаткан

Ошто аялдын сөөгү үч айга жакын көчөдө жаткан. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкармалыгы 24.kg маалымат агенттигине билдирди.


Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, 10-декабрда саат 14.30дар чамасында Масалиев көчөсүндө N88 турак үйдүн жанына жылуулук трассасынын астында өлүк жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.


Окуя болгон жерге келген куткаруучулар сөөктү алып чыгышып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.


Ош шаардык ички иштер башкармалыгы 24.kg маалымат агенттигине сөөк аялга таандык экендигин билдирди. "Аялдын денеси таанылгыс болуп чирип кетти. Алдын ала маалымат боюнча, ал табылган жерде эки-үч айга жакын жаткан. Адамдын өздүгүн, себебин жана дайындалышын аныктоо үчүн керектүү экспертизалар дайындалды"- деди мекемеден.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн