Бугу 21, 2024
Убакыт: 03:39
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Ошто азык-түлүк жана көмүрдүн баасын көзөмөлдөө боюнча жыйын өттү

19.08.2022 13:23
311
Ошто азык-түлүк жана көмүрдүн баасын көзөмөлдөө боюнча жыйын өттү


Бүгүн, 19-августта КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Уристем Манапов, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммеция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы Кеңешбек Тайлаков нефтетрейдерлер, товар өндүрүүчүлөр жана сатуучулардын катышуусунда Ош шаарынын жана Ош облусунун аймагында көмүрдүн, күйүүчү-майлоочу материалдардын жана социалдык жактан маанилүү товарлардые (шекер, май, ун ж.б.) бааларын көзөмөлдөө боюнча жыйын болуп өттү. Бул тууралуу Президенттин Ош облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат кызматы кабарлады.


Маалыматка караганда, жыйында акыркы учурда актуалдуу болгон дизель отуну жана кум шекер базарындагы кырдаал боюнча маалыматтар берилип, өндүрүүчүлөр жана сатуучулар менен кеңири талкууланды.


Мындан сырткары күз-кыш мезгилинин жакындап калгандыгына байланыштуу, көмүр өндүрүүчүлөр менен көмүрдүн баасы жана көлөмү тууралуу айтылды. Жыйындын катышуучулары баа саясаты боюнча суроолоруна тиешелүү жоопторду ала алышты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн