Ош шаарында азык-түлүктөн коопсуздук жок. Бул тууралуу Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашев жыйында айтты.
Анын айтуусуна караганда күнүмдүк тамак-ашты чыгарган ишканалар ишин улантып жатат.
“Азык-түлүктөн коопсуздук жок. Бүгүнкү күндө да буудайлар келе жатат. Негизи эле мамлекеттик резервдеги запастар жетиштүү. Тамак-аш боюнча кам санаганга эч кандай негиз жок”, - деди Сарыбашев.
Ошондой эле, шаарда күн жылыгандан бери карантиндин эрежелерин бузгандар көбөйгөнүн айтып, алар менен түшүндүүрү иштерин жүргүзүп жатканын кошумчалады.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн