Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 18:54
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Ошто бала бакчада уктоодон баш тарткан кызга тарбиячы ийне сайып, сабаган (Фото)

21.04.2021 11:14
9080
Ошто бала бакчада уктоодон баш тарткан кызга тарбиячы ийне сайып, сабаган (Фото)


Оштогу бала бакчалардын биринде уктоодон баш тарткан 5 жаштагы кызды тарбиячысы ийне менен денесинин ар кайсы жерине сайгылаган. Бул тууралуу жабырлануучунун апасы инстаграм баракчасы аркылуу билдирди.


Жабырлануучунун апасынын айтымында, окуя 5-апрелде орун алган. 


"Кызымды бакчага мен алып барганмын. Кечинде атасы алып келди. Ал эч нерсени байкаптыр. Мен кызымды карасам башындагы бир ууч чачы жулунуп калыптыр. Кулактарынын айланасына башына ийне сайылыптыр. Башында канап турган жери да бар экен",- деп жазган 5 жаштагы кыздын апасы. 


"Мен уйкум келбей тарбиячыдан мага тапшырма беришин сурандым, бирок ал укпай койду. Мен дааратканага барып келсем, "Сенин башкалардан айырмаң жок, болбосо ийне саям" деди. Ошол жерде башка тарбиячы да бар эле. Ал чыгып кеткенден мага ачууланып, ийне менен сайгылай баштады. Чачтарымдан кармап алып сабады",- деп билдирген жабырлануучу кыз.

Теги

Пикирлер (8)

Коопсуздук коду
Нургуль
Мага бергилечи ушу катынды,мындайларга мамилекет чара клрбойт.
Кыйбат
Ага окшогон тарбиячынын неге кереги бар Жумуштан бошотуш керек
Акеш
Тарбиячыны тех арада жиндиканада дабалоо зарыл