Бугу 18, 2024
Убакыт: 22:59
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Ошто балдардын инфекциялык ооруканасы дезинфекцияга жабылат

08.04.2020 12:57
942
Ошто балдардын инфекциялык ооруканасы дезинфекцияга жабылат

 

Ош шаарындагы балдар инфекциялык ооруканасы дезинфекциялоочу иш-чараларды жүргүзүү үчүн убактылуу жабылат. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан билдирди.


Маалыматка ылайык, мындай чечимдер оорукананын медицина кызматкерлеринин арасында коронавирус инфекциясынын катталышына байланыштуу кабыл алынган.


Ал эми, соматикалык жана инфекциялык оорулары менен жаткан бейтаптар Ош облустар аралык клиникалык балдар ооруканасына жиберилет. Ошондой эле, Кара-Суу балдар ооруканасынын профили инфекциялык стационарга алмаштырылары айтылат.


Мындан сырткары, Саламаттыкты сактоо министрлиги медицина кызматкерлеринин оору жуктуруу фактысы боюнча кызматтык иликтөө жүргүзөөрү кабарланды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн