Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 14:59
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Ошто балдардын жугуштуу оорулар ооруканасы толук оңдоодон өтүүдө (сүрөт)

22.07.2020 17:51
1100
Ошто балдардын жугуштуу оорулар ооруканасы толук оңдоодон өтүүдө (сүрөт)

 

 

Ош шаарындагы балдардын жугуштуу оорулар ооруканасы толук оңдоодон өтүүдө. Бул тууралуу аталган шаардын мэриясынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө республикалык бюджеттин эсебинен оорукананын бир имараты толук оңдоодон өтүп, экинчи имаратында оңдоо иштери жүрүүдө. Бүгүн, 22-июлда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов жүрүп жаткан иштер менен таанышып, ишти сапаттуу жүргүзүүнү айткан.


“Республикалык бюджеттин эсебинен 180 орундуу шаардык балдардын жугуштуу оорулар ооруканасында оңдоо иштери жүрүп жатат. Бул оорукананын абалы оор болчу. Өлкө башчыбыздын тапшырмасы менен медицина тармагына өзгөчө көңүл бурулууда”,-деген шаар башчысы.


Мэр аталган оорукананын ички жолу асфальттала турганын айтып, чатырларын жаңылоо тапшырмасын берген.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн