Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 02:53
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Ошто балдардын жугуштуу оорулар ооруканасынын жаңы имараты пайдаланууга берилди (Фото)

20.04.2021 11:05
1189
Ошто балдардын жугуштуу оорулар ооруканасынын жаңы имараты пайдаланууга берилди (Фото)

Күн мурун, 19-апрелде Ош шаардык балдардын жугуштуу оорулар ооруканасынын жаңы имаратынын курулушу бүтүп, ачылышы болду. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.


Мэриянын билдирүүсүнө ылайык, жаңы имараттын ачылышына саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев, Ош шаарынын вице-мэри Эмил Шадыханов катышып, кызыл тасмасын кести.

Министр Алымкадыр Бейшеналиев коомдун саламаттыгы эрежелерди так аткарууда экендигин билдирип, дарыгерлердин айлык акылары көтөрүлө тургандыгын кошумчалады.

Ал эми вице-мэр Эмил Шадыханов өткөн жылдагы катачылыктарды кетирбеш үчүн шаар мэриясы болгон күч аракетин жумшап, жугуштуу илдет боюнча түшүндүрүү жана алдын алуу иш-чараларын көрүп жакандыгын кошумчалады.

Белгилей кетсек, 100 орунга ылайыкташкан оорукананын курулушу бир жыл ичинде курулуп бүттү. Ал эми оорукананын эски имараты толук кандуу капиталдык ремонттон өттү. Жалпысынан шаардык балдардын жугуштуу оорулар ооруканасы 280 бейтапка ылайыкташтырылган.

Эпидемиологиялык кырдаал Ош шаарында курчуп бара жаткандыгын билдирген саламаттыкты сактоо координатору эрежелерди так сактоого чакырат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн