Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 05:28
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Ошто баңгизат сатуу боюнча кармалып, үй камагына чыккан жаранга издөө жарыяланды

27.04.2022 12:25
1052
Ошто баңгизат сатуу боюнча кармалып, үй камагына чыккан жаранга издөө жарыяланды


Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө кызматы баӊги заттарын ири көлөмдө сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз сактоо, ташуу жана сатып өткөрүүгө шектүү, Ош облусунун Өзгөн районунда туулган, убактылуу Кара-Суу районунун Жаӊы-Арык айылында жашаган 1987-жылы туулган Гүлжигит Абдыкаарович Калыковго издөө жарыялайт.  Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.


Анын үстүнөн Кыргыз Республикасынын кылмыш кодексинин 282-беренесинин алкагында козголгон кылмыш иши боюнча тергөөгө келбей койгон. Ош шаардык соту тарабынан үй камагына 22-апрелде чыгып, ошол боюнча изин жашырып кеткен.


Бою 170-175 см, арык чырай, өзгөчө белгилери жок.


Жогорудагылардын негизинде издөөдө жүргөн Гүлжигит Абдыкаарович Калыков тууралуу кандайдыр бир маалыматтарыӊыз болсо Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнө 0557-78-01-79, 0700-45-89-89, 03222-4-82-82 телефон номерлери аркылуу кабар берип коюушуӊуздарды суранабыз. Жашыруун сыр сакталат.


Издөө жарыяланган жарандын сүрөтү тиркелет.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн