Бугу 06, 2024
Убакыт: 19:09
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Ошто баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө шектелип, 9 жылдан бери издөөдө жүргөн отставкадагы полковник кармалды

11.03.2024 15:58
324
Ошто баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө шектелип, 9 жылдан бери издөөдө жүргөн отставкадагы полковник кармалды


Ошто баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө шектелип, 9 жылдан бери эл аралык издөөдө жүргөн Баңгизатты көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын отставкадагы полковниги кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, шектүү ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртуүгө каршы күрөшүү кызматынын жана Ички иликтөө кызматынын Ош шаары боюнча кызматкерлеринин биргелешип жүргүзгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында кармалды. Ал мурдагы Баңгизаттарды контролдоо мамлекеттик кызматынын отставкадагы полковниги 1963-жылы туулган Р.Х. болгон.

Кыргызстандын укук коргоо органдарынан 10 жылдай жашырынып жүргөн шектүү 2015-жылдан бери баңгизат ташыгандыгы үчүн эл аралык издөөдө жүргөн.

Кармалган Р.Х. Ош шаардык сотунун чечими менен Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн