Ош облусунда баңгизат менен алектенген топтун активдүү мүчөсү героин менен кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы тарабынан баңгизат менен алектенген топтун активдүү мүчөсү мыйзамсыз жүгүртүлгөн салмагы 1 килограмм 047 граммды түзгөн героин менен кармалды.
Ага карата 267-берене (Баңгизаттарды, акыл-эске таасир берүүчү каражаттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо) менен кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Маалыматка таянсак, учурда аталган кылмыш ишине тиешеси бар башка адамдардын өздүгүн тактоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүүдө.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн