Аяк оона 29, 2024
Убакыт: 16:18
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Ошто банкоматтарды талкалап, акчаларды уурдап жүргөн жарандар кармалды

30.03.2023 10:35
630
Ошто банкоматтарды талкалап, акчаларды уурдап жүргөн жарандар кармалды

       

       Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан  банкоматтарды талкалап, уурулук жасап жүргөн жарандар кармалышты. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, тергөө кызматынын алгачкы маалыматтарына караганда Ош шаарынын, Ош облусунун  Өзгөн, Кара-Суу Ноокат   райондорунда жана Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундорунда     кылмыштуу иштерин  жасашкан.  Бүгүнкү күндө бул кылмыштуу шериктер өткөн жылдын январь, быйылкы жылдын февраль айларынын аралыгында эле   19 ирет  ушундай мазмундагы кылмыш жасагандыгы аныкталды. 

 

   Шектүү катары кармалгандар Ош облусунун Ноокат районунун 31 жаштагы тургуну А. уулу Н. жана Ош шаарынын 37 жаштагы тургуну Ю.М. Экөө теӊ мурда бир нече жолу сот жообуна тартылышкан.  Кылмыш чөйрөсүнүн идеяларын колдошот.  

   

   Бүгүнкү күндө Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы тарабынан аталган уурулук фактылары  боюнча тергөө иштери жүрүп жатат. Шектүүлөргө Ош шаардык соту тарабынан тергөө иштери аяктаганга чейин абакта кармоо боюнча санкция берилип, алар Ош шаарындагы №5  тергөө изоляторунда кармалууда.

  

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн