Бугу 19, 2024
Убакыт: 14:22
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Ошто батирди тоноого шектелип 3 кыз, 2 бала кармалды

04.03.2022 15:19
603
Ошто батирди тоноого шектелип 3 кыз, 2 бала кармалды

Ош шаарында Ак-Буура милиция бөлүмүнүн кызматкерлери тоноо менен алектенишкен топту кармашты. Бул тууралуу    Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

  

   Ош шаарынын 19 жаштагы тургуну арыз менен Ак-Буура милиция бөлүмүнө кайрылган. Ал өз арызында ушул жылдын 11-сентябрь күнү ал жашаган батирге түнкү саат 24.00 чамасында белгисиз 6 адам кирип келишип, аны жана бирге жашаган шеригин электрошокер менен бычактар менен коркутушуп, 5 уюлдук телефонун, 2 даана кол саатын, чач кургатуучу фен, кийимдерин жана 2500 сом акчасын тоноп кеткендигин билдирген. Арыздануучу кол салган 5 адамдын арасында 3 кыз болгондугун белгилеген.

  Ак-Буура милиция бөлүмүнүн жүргүзгөн иш-аракеттеринин натыйжасында, 2022-жылдын 28-февраль күнү бул кылмышка тиешелүү топтун бардык мүчөлөрү ар кайсы райондордон кармалышып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.


Кармалгандар:

-2004-жылы туулган М.к.Н., Өзгөн районунун тургуну, эч жерде иштебейт:

-М.А., Кара-Суу районунун тургуну, эч жерде иштебейт;

-2000-жылы туулган С.к.А., Алай районунун тургуну, эч жерде иштебейт;

-А.уулу Н., Өзгөн районунун тургуну, эч жерде иштебейт;

-2003-жылы туулган А.к.А., Баткен районунун тургуну, эч жерде иштебейт.

 

 Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бөлүмүнүн тергөө кызматы тарабынан бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренесинин (тоноо) белгилери менен тергөө иштери улантылууда. Бул топтун башка ушул сыяктуу кылмыштарга тиешеси бар, же жоктугу иликтенип жатат. 

 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн