Ош шаарында базарларда жана соода борборлорунда эмдөө пункттары ачылат. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, 1-июлда вице-мэр Эмил Шадыханов башында турган эпидемиологиялык абалга каршы күрөшүү комиссиясынын отуруму өткөн.
Жыйында комиссия Ош шаарындагы эпидемиологиялык абалды карап, бир топ чечимдерди кабыл алган.
- 60 жаштан өйдө жаштагы кызматкерлер аралыктан иштөөгө өтүү;
- коомдук тамактануучу жайларда 50 пайыз орундуктар бош болуусу;
- базарларда жана соода борборлорунда эмдөө пункттарын ачуу;
- эмдөөдөн өтүү боюнча калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн