Бугу 18, 2024
Убакыт: 21:06
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Ошто базарлар дүйшөмбү күндөрү жабылат

22.06.2020 15:55
1348
Ошто базарлар дүйшөмбү күндөрү жабылат

 

Ош шаарындагы базарлар жуманын дүйшөмбү күндөрү дезинфекцияга жабылат. Бул тууралуу аталган шаардын мэриясынан билдирди.


Маалыматка ылайык, жуманын ар дүйшөмбү күнү Ош шаарындагы базарлар жабылып дезинфекция иштери жүрүп турат.

 

Бүгүн, 22-июнь күнү Ош шаарынын борбордук базарында жайгашкан кичи базарлар, мөмө-жемиш саткан "Тешик-Таш" жана “Келечек” базары бир күнгө жабылып, дезинфекциялоо иштери жүргүзүлгөн.


Мындан сырткары, кичи райондогу базарлар да бир күндүк дезинфекциялоо иштери жүрүп, шаардагы базарларда санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, рейддер өтүп жатканы айтылат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн