Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 15:27
USD
86.50
86.85
EUR
90.50
91.50
RUB
0.830
0.875

Ошто бейбаштыкка шектелип издөөдө жүргөн жаран кармалды

09.01.2024 11:06
482
Ошто бейбаштыкка шектелип издөөдө жүргөн жаран кармалды


Ош шаарында бейбаштыкка шектелип издөөдө жүргөн А.А. аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу КР ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кармалган жаран буга чейин Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) боюнча издөөгө жарыяланган.

"Ош облусунун тургуну А. А. коомдук жайларда орнотулган жүзүн таануу функциясы бар сырткы видеобайкоо камераларынын жардамы менен кармады. Видеобайкоо камералары аны издөөдө жүргөн адам катары тастыктаган, ал кылмышка шектүү болуп, бирок качып жургөн", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, ага карата 2021-жылы Ош шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан бейбаштык фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, бөгөт коюу чарасы камакка алуу түрү тандалган.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн