Бугу 16, 2024
Убакыт: 20:03
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Ошто бейтаптар көрсөтмөсү жок дары ала албай же жазып берген дарыгер жок кыйналууда, - окурман

17.07.2020 14:45
1273
Ошто бейтаптар көрсөтмөсү жок дары ала албай же жазып берген дарыгер жок кыйналууда, - окурман


 

Ош шаарында илдетке чалдыккан бейтаптар дарыгердин кабыл алуусунда боло албай же дарыканалардан тийиштүү дары-дармектерин ала албай, кыйынчылыкка туш болууда. Бул тууралуу окурмандар билдиришти.



Алардын айтымдарында, дарыканадан керектүү дарыларды алууга барганда сатуучулар дарыгердин көрсөтмөсү жок сатпай жатышат. Ал эми дарыларды дайындоого врачтар жок болууда.

 

Врачтын рецепти жок дары каражаттары сатылбасын деген шаардык мэриянын чечими чыккан. Буга байланыштуу врачтын мөөрү жок дары ала албай же аны жазып берген доктур жок, эл абдан кыйналып жатат. Мэрия бул маселени карап, тезинен чечип берсе болот эле”, - деп суранышты окурмандар. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн