Ош облусунда кайрадан бир катар чектөөлөр киргизилүүдө. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка караганда, бүгүнтөн тарта облустар аралык каттамдар 10-июлдан тарта токтотулат.
Ошондой эле:
- ар бир райондун кире беришинде санитардык-карантиндик посттордун иши күчөтүлөт;
- облус аймагындагы базарлар дүйшөмбү жана бейшемби күндөрү иштебейт, дезинфекцияланат;
- эс алуучу жайларда, жаратылышта ар кандай иш-чаралардын, аш-тойлордун өткөрүлүүсүнө тыюу салынат;
- жарандардын жаратылышка эс алууга чыгышына да уруксат берилбейт;
- мындан тышкары, той-мааракелерди өткөрбөө боюнча чектөөлөргө баш ийбегендерге, дары-дармек, азык-түлүк баасын жогорулаткандарга катуу чара көрүлөт.
Ош облустук казыятка илдетти жуктуруп албоо чаралары үчүн жума намаздарды токтотуу тууралуу сунуш берилди.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн