Бугу 04, 2024
Убакыт: 02:24
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Ошто бир нече үйдү тоноп кеткен жаран мал багып жүргөн жеринен кармалды

28.02.2023 13:07
340
Ошто бир нече үйдү тоноп кеткен жаран мал багып жүргөн жеринен кармалды

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Ош шаарында батирлерге уурулук жасап жүргөнгө шектүү жаран Ноокат районунан кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.


    Маалыматка ылайык,  Ош шаарында көп кабаттуу үйлөрдүн батирине кирип, уурулук жасап жүргөн,     жаранды милиция кызматкерлери Ноокатта талаада мал кайтарып жүргөн жеринде кармашты. Ал Ноокат районунун тургуну, 2002 –жылы туулган А.А. болуп чыкты. Бүгүнкү күндө бул шектүү тарабынан Ош шаарынын Өзгөн, Петров, Раимбеков, Салиева көчөлөрүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн батирлерине кирип, уурулук жасагандыгы аныкталган. Учурда төрт факт менен кылмыш иши козголуп тергөө иштери жүрүп жатат. 


   Эӊ көп олжого Ош шаарынын Өзгөн көчөсүндөгү  22-үйгө уурулукка киргенде ээ болгон. Ал үйдөн 146 миӊ сом акча, «Айфон» үлгүсүндөгү 3 даана телефон уурдап кеткен.  Шектүү көп кабаттуу үйлөрдүн батирлерине келип, ачык калган эшиктерге кирип, көзгө көрүнгөн баалуу буюмдарды уурдап алып кетип жүргөн. Учурда уурулук беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери уланууда. Айрым  уурдап, сатып үлгүрбөй калган 7 телефон алынды. 

 

Шектүү, 2002-жылы  А.А.  тарабынан берген алгачкы көрсөтмөсүнө караганда шектүү Ош шаарына келип, уурулук жасаган соӊ,  уурдалган буюмдарды, телефондорду Кызыл-Кыя шаарына алып барып сатып жүргөн. Мурда  бир ирет  соттолуп чыккан. 


   Ак-Буура милиция бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Ноокат районунун аймагында,  мал кайтарып жүргөн учурда кармалды. Жанында 6 огу менен мыйзамсыз сакталган  сайсыз курал алып жүргөн.

   

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн