Бугу 03, 2024
Убакыт: 03:42
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.975

Ошто бир жума мурун көз жарган келин оорукананын үчүнчү кабатынан боюн таштады

02.07.2020 09:50
985
Ошто бир жума мурун көз жарган келин оорукананын үчүнчү кабатынан боюн таштады


Ош шаарында коронавирус аныкталган 34 жаштагы келин үчүнчү кабаттан боюн таштап жиберди. Бул тууралуу Ош ШИИБдин басма сөз кызматынан билдирди.


Маалыматка ылайык, 1-июлда Ош шаардык ооруканасында 29-июндан бери коронавирус оорусу менен катуу жабыркап, дарыланып жаткан 1986-жылы туулган аял, аталган оорукананын 3-кабатынан боюн таштап жиберген. Ал алган оор жаратынан окуя болгон жерде каза болгон.


Тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүүдө.


“Учурда укук коргоо кызматкерлери саламаттыкты сактоо кызматкерлери менен биргеликте бул кайгылуу окуяны иликтеп жатышат. Ал 25-июнда жаңы төрөгөн. Өзү дарыланып жатканына байланыштуу наристеси апасынын колунда болгон”, - деп айтылат маалыматта. 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн