Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 21:45
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Ошто карантиндин эрежесин сактабагандарга айып салынды

05.05.2020 13:00
1048
Ошто карантиндин эрежесин сактабагандарга айып салынды


Ош шаарында бузуулар кодексинин негизинде он миңге жакын айып салынды. Бул тууралуу 5-майдагы брифингде Ош шаарынын коменданты Малик Нурдинов айтты.


Анын айтымында мамлекеттик мекемелерден түзүлгөн атайын топ текшерүүнү күчөткөн.


“Санитардык-карантиндик эрежени сактабаган унаа тетиктерин саткан 1 мекеме, 3 набайкана жана 1 чач тарач жабылды. Мындан сырткары Он-Адырда жыйырмадан ашуун ишкана өзгөчө абал киргичекти эле мыйзамсыз соода кылып жүргөнү аныкталып аларды жаптырдык. Ал эми текшерүүнүн жыйынтыгында эрежени сактабагандарга бузуулар кодексинин негизинде он миңге жакын айып салынды. Алар миң сомдон беш миң сомго чейинки айып пулдарды төлөшөт”, - деди комендант.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн