Ош облусунун Кара-Суу районунда чагылган түшүп, бир адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 21-июль күнү кечинде Сарай айыл аймагына караштуу Миялы айылында чагылган түшүп, кырсыктын кесепетинен мал кайтарып жүргөн 2007-жылы туулган эркек киши каза болгон.
Кара-Суу метеостанциясынын билдирүүсү боюнча саат 18:45те күндүн күркүрөшү башталып, саат 21:40ка чейин уланган.
Аба ырайы боюнча Ош облусунун көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт деп берилген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн