Чын курандын 20, 2025
Убакыт: 00:26
USD
86.70
87.20
EUR
98.50
99.50
RUB
1.050
1.095

Ошто чет мамлекеттин жараны судья болуп иштеп жүргөн

05.09.2023 12:29
660
Ошто чет мамлекеттин жараны судья болуп иштеп жүргөн


Ош облусунун Ноокат райондук сотунун тергөө судьясы Б.Н.М. чет мамлекеттин жараны экендиги аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматынан кабарлашты. 

2016-жылы аталган Б.Н.М. президенттин Жарлыгы менен Кыргызстандын жарандыгын алган жана 2021-жылдын 26-июнунда Б.Н.М. президенттин Жарлыгы менен Чүй облусунун Москва райондук сотунун судьясы болуп дайындалган. Андан соң 2022-жылдын 30-апрелинде ротация тартибинде Ош облусунун Ноокат райондук сотунун тергөө судьясынын кызматына которулган.

Ошону менен бирге, белгиленген процессуалдык тартипте УКМК тарабынан тастыкталып, КР судьялыгына талапкер катары тандоо процессинде Б.Н.М. чет мамлекеттин жарандыгы бар экенин жашырган.

Ошентип, КР мыйзамдарына ылайык, Б.Н.М. судьялык кызматты ээлей албайт жана ээлебеши керек, анткени ал Кыргызстандын жарандыгынан тышкары чет мамлекеттин жарандыгына ээ.

2023-жылдын 29-августунда прокуратура тарабынан КР Судьялар кеңешине Ош облусунун Ноокат районунун тергөө судьясы Б.Н.М. аттуу жаранга карата дисциплинардык иш козгоо жөнүндө өтүнүч келтирилген.

Теги

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Алимбекова Иниятхан Эрмекбаевна
Озубуздо деле жакшы билимдуу ,судьба татыктуу адамдар бар го.