Бугу 06, 2024
Убакыт: 09:47
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Ошто чуңкурда иштеп жаткан 4 жаранды топурак басып, бирөө каза болду (сүрөт)

10.07.2020 19:35
1223
Ошто чуңкурда иштеп жаткан 4 жаранды топурак басып, бирөө каза болду (сүрөт)

 

Ош шаарында суу түтүгүн өткөрүү үчүн казылган чуңкурда иштеп жаткан 4 жаранды топурак басып калган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.


Маалыматка ылайык, бүгүн, 10-июлда Биринчи Май көчөсүндө таза суу түтүгүн өткөрүү үчүн казылган чуңкурда иштеп жаткан 4 жаранды топурак басып калган.Куткаруучулар 3 адамды куткарышкан, 1 адам каза болгон (аты-жөндөрү такталууда). 3 жаран тез жардам кызматына өткөрүлүп берилген, абалдары туруктуу.


Ал эми каза болгон жарандын жансыз денеси ИИМ кызматына өткөрүлүп берилген.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн