Бүгүн, 23-февраль таңкы саат 6:37де Тажикстандын Мургаб облусунда күчү 7 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу "КазТАГ" басылмасы кабарлады.
Жер титирөөнүн таасири Ош шаарында, Пакистан,Кытай жана Афганистанда да байкалган.
Басылманын маалыматы боюнча, 22-февраль түнкү саат 23:00дөр чамасында да Мургаб облусунда күчү 5 баллга жеткен зилзала катталган.
Жер титирөөнүн кесепети тууралуу Тажикстандын өкүлдөрү азырынча маалымат тарата элек.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн