Бугу 15, 2024
Убакыт: 20:24
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Ошто дагы бир партиянын өкүлү добуш сатып алууга шектелип кармалды

11.07.2021 07:58
922
Ошто дагы бир партиянын өкүлү добуш сатып алууга шектелип кармалды

Бүгүн, 10-июль күнү Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан шайлоочулардын добуштарын сатып алууга шектелип менен бир партиянын өкүлү кармалды. Мындай маалыматты Ош ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка караганда бүгүн саат 13:00 чамасында Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлерине Ош шаарынын Төлөйкөн кичи районунда бир партиянын А.К. аттуу өкүлү (аял) шайлоочуларга жергиликтүү кеӊешке шайлоого катышып жаткан партия үчүн добуш берүү үчүн 2 миӊ сом акча сунуштап жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.


Маалыматты текшерүү учурунда жарандардын добуштарын сатып алууга шектүү катары шайлоого катышып жаткан партиянын өкүлү болгон, 1978-жылы туулган А.К. аттуу аял аталган кичи райондон кармалды. Аны тинтүү учурунда жанында 37 миӊ сом акча, партияга таандык күбөлүк, жарнамалык баракчалар чыкты. Учурда Жазык кодексинин 192-беренесинин (шайлоочулардын добуштарын сатып алуу) белгилери менен сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Бул шектүү аялдын колунан акча алган шайлоочулар дагы аныкталып, тиешелүү көрсөтмөлөр алынып жатат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн