Бугу 04, 2024
Убакыт: 04:35
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Ошто дагы эки социалдык дарыкана ачылды

14.02.2024 09:05
576
Ошто дагы эки социалдык дарыкана ачылды


Күн мурун Ош шаарында үй-бүлөлүк медицина борборунун № 2,3 филиалдарында социалдык дарыканалардын ачылышы болду. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан кабарлашты.

Ачылыш аземине Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев катышып, калкты сапаттуу жана арзан дары-дармектер менен камсыз кылуу, баа саясатын туруктуу кармоо үчүн өлкө боюнча кошумча мамлекеттик дарыканаларды ачуу маанилүү экенин белгилешти.

Белгилей кетсек, буга чейин Ош шаары аймагында 4 социалдык дарыкана ачылып, башка жеке дарыканалардан айырмаланып, 1,2-топтогу майып жарандар 25%, 3-топтогу жарандар 15%, калган жарандар 10% арзандатылган дары-дармектер менен камсыз болушкан.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн