Бугу 14, 2024
Убакыт: 16:36
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Ошто дары берип уктатып, 60 миң сом уурдап кеткен аял кармалды

Ошто дары берип уктатып, 60 миң сом уурдап кеткен аял кармалды


Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан мурда бир нече ирет соттолгон, Ош шаарынын 1962-жылы туулган тургуну Р.Х. кармалды.  Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кы1зматы билдирди.

 

  Маалыматка ылайык, шектүү  мурда бир нече ирет алдамчылык жана уурулук жасагандыгы үчүн соттолуп, жаза мөөнөтүн өтөп келгендигине карабастан, кайрадан кылмыш жолуна түшүп, кылмыш ишине барган.

Тагыраак айтканда, 2022-жылдын 3-июль күнү Ош шаарынын А.Масалиев проспектисинде жашаган улгайган аял менен таанышып, анын ишенимине кирип, үйүнө келген. Өзү ал үйдө конокто болуп отуруп, үй ээсинин ден соолугуна пайдалуу экендигин айтып 3 даана белгисиз дары-таблетканы берген. Натыйжада, ал дарыларды ичип алган жабырлануучу эс учун жоготкон.  

  Шектүү кырдаалдан пайдаланып, жабырлануучуга таандык болгон 60 миӊ сом акчаны алып чыгып кеткен. 

 

    Ыкчам издөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү Р. Х. 30-август күнү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.КР кылмыш кодексинин 205-беренеси (уурулук) кылмыш иши козголду. Ош шаардык соту тарабынан 15 күнгө, тергөө иштери аяктаганга чейин абакта кармоо боюнча чечим чыгарылды. 

  

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн