Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 09:25
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Ошто дасыккан чөнтөк уурулар кармалды

15.03.2022 14:24
721
Ошто дасыккан чөнтөк уурулар кармалды

 Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери өткөн жумада эки дасыккан чөнтөк ууруларын колго түшүрүштү. Бул тууралуу  Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.


Шектүү М. Б., 1984-жылы Жалал-Абад облусунун Сузак районунда туулган. Мурда беш жолу соттолгон. Туруктуу иштеген жери жок. Ажырашкан.

 Анын шериги 1993-жылы Кара-Кулжа районунда туулган А. уулу С. Мурда 2 жолу сот жообуна тартылган. Бойдок.


Кармалган шектүүлөр Ош шаарынын аймагында, коомдук жайларда, коомдук транспорттордо жарандардын чөнтөгүнө кол салышып, акча жана уюлдук телефонун уурдап, арзан баада жайма базарда өткөрүп турушкан. Тактап айтканда, ал 2022-жылдын 31-январь куну саат 15:30 чамасында Ош шаарынын Ж.Раимбеков кочосундо орун алган “Аруу-Бай” аталышындагы азык-тулук дукондун алдында токтоп турган “Портер” улгусундогу унаадан “Самсунг А-10” улгусундогу уюлдук кол телефонун жашыруун турдо уурдап алып окуя болгон жерден изин жашырып качып кетишкен. Ушундай эле жол менен дарыканалардын бирине кирип, сатуучу башка карларлар менен алаксып калган учурда анын баасы 12000 сомдук “Редми” үлгүсүндөгү телефондорун уурдап чыгып кетишкен. Уурдалган телефондордун канчалык кымбат экендигине карабастан аларды 1500-2000 сомго гана сатышкан. Учурда бул кылмыштуу топтун үстүнөне 3 арыз түшүп, кылмышка шектүүлөрдүн үстүнөн Кыргыз Республикасынын КЖКнин 205-ст.2-б., белгилери менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, тергөө иштери уланууда.


Учурда эки кылмышка шектуу Б. М. жана А. уулу С. убактылуу кармоочу жайга киргизилди.


Ош ШИИБнын Ак-Буура милиция бөлүмү бул шектүүлөрдөн жабыркаган жарандар болсо 03222-6-64-02 телефондору аркылуу байланышып коюуну суранат.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн