Ош шаарында 1-августтан бери дайынсыз болуп жаткан 9 жаштагы Сыймык Алиев аман-эсен табылды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлады.
Белгилүү болгондой, Алиев милиция кызматкерлери тарабынан Кара-Суу районунун Жаңы-Арык айылынан табылган. Учурда милиция кызматы окуянын бардык жагдайларын иликтеп жатат.
Белгилей кетсек, ал 1-август күнү Оштогу Раззаков көчөсүндө жайгашкан үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн