13-декабрда жоголгон аялдын денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 2022-жылдын 13-декабрь күнү 1964-ж.т. А.Г. аттуу аял киши Петров көчөсүнүн №1 дарегинде жайгашкан турак үйдөн чыккан боюнча дайынсыз жоголгон.
Жогоруда аталган жарандын сөөгү Абакир уулу Төрөбек көчөсүнөн агып өткөн Увам каналынан ӨКМ куткаруучулары тарабынан табылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп берилди.
Жерине Ош шаардык Куткаруу кызматынан 4 куткаруучу тартылган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн